Бишкекте жаран милицияга белгисиз өсүмдүктүн (алдын ала маалымат боюнча, кара куурайдын уругу) 11 даана уругун өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29 жаштагы жаран 30-апрелде Биринчи май райондук милициясына 11 даана урукту өткөрүп берген. Ал билдиргендей, ошол эле күнү болжол менен саат 11:00до А. аттуу жаран чемичке салынган баштыкты берип, Бириккен Араб Эмирлигинин бир шаарына жеткирип берүүсүн суранган. Баштыкты БАЭдеги А. аттуу таанышы тосуп аларын айткан.
Бул боюнча милиция териштирүү жүргүзүп, баштыкты жөнөткөн адам Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун 41 жаштагы А.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал сурак учурунда кара куурайдын 11 даана уругун соцтармак аркылуу эки жума мурда сатып алганын, БАЭде мигрант болуп иштеген классташынын суранычы боюнча чемичканын арасына салып ага жөнөткөнүн айткан.
Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Алынган зат эмне экенин аныктоо үчүн соттук химиялык-экспертиза дайындалды.