Парламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду
Жогорку Кеңеш айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү жана транспорт каражаттарын (ТК) мажбурлап эвакуациялоо тартибин караган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Документти депутаттар бүгүн, 15-апрелде жактырышты жана ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген жол эрежесин бузгандыгы үчүн үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 80 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.
Эгерде эреже бузуу ден соолукка оор зыян келтирсе, жаза 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пулду же алты жылга чейинки мөөнөткө ишмердүүлүккө кошумча тыюу салуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратууну түзөт.
Өзгөчө оор зыян келтирилген учурда транспорт каражатын башкаруу укугунан тогуз жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.
Бул аракеттерди мас абалында жасагандыгы үчүн жоопкерчилик өзүнчө күчөтүлдү. Мындай учурларда транспортту башкарууга кошумча тыюу салуу менен 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.
Ошондой эле алкоголдук же баңгизаттык мас абалында транспорт каражатын кайрадан башкаргандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленди. Эреже бузгандарга 100 миңден 150 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар.
Мыйзам долбоорунда, эгерде мүлк укук бузууну жасоодо колдонулса же анын натыйжасында алынган болсо, соттун чечиминин негизинде аны убактылуу алып коюу мүмкүнчүлүгү каралган.
Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун негиздери аныкталды – ал, тактап айтканда, унааны темир жолдо, көпүрөлөрдө, кесилиштерде, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө калтырып кеткенде, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жана коммуналдык кызматтардын же коомдук транспорттун ишин блоктоп (тосуп) калган учурларда жол берилет.
Майыптыгы бар адамдар үчүн орундарга унаа токтоткондо, тротуарларды жана пандустарды тосуп калганда же кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилген тилкелерде да эвакуациялоо мүмкүн.
Мындан тышкары, жол эрежесин бузганда дөңгөлөктөрдү блоктоо (кулпулоо) практикасы киргизилүүдө. Транспорттун айрым түрлөрү үчүн рулду жана педалдарды блоктоочу атайын каражаттар каралган.
Мажбурлап эвакуациялоо жөнүндө маалымат атайын сайтта жайгаштырылат, ошондой эле укук бузууларды эсепке алуунун автоматташтырылган тутумуна катталат.
Унааны эвакуациялоо жана сактоо чыгымдарын эреже бузуучу төлөп берет. Бул процедуралардын тартибин Министрлер кабинети аныктайт.