Сузакта жабыркаган балдардын ата-энелерине психологдор жардам берүүдө

Сузакта жабыркаган балдардын ата-энелерине психологдор жардам берүүдө

Сузакта «Манас айтуу» сынагы учурунда унаа тебелеп кеткен окуучулардын ата-энелери үчүн кризистик борбор уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Ата-энелерге жатакана, тамак-аш уюштурулуп, психолог педагог жардам көрсөтүүдө.

«Министрлик учурда медициналык уюмдар жана бардык тиешелүү тараптар менен кызматташып, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү аракетинде», — дейт мекеме.

Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан «Урааным Манас» кароо сынагы республика боюнча токтотулду.

Белгилей кетсек, республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө 3 миллион сом байге каралган.

Эскерте кетсек, 2-май күнү Сузактын Жерге-Тал айылында «Манас» айтуу кароо сынагы учурунда жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетип, 18и ооруканага түштү.

Унаанын айдоочусу камакка алынды.

 

Сузакта жабыркаган балдардын дагы бирөөсүнө операция жасалат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ата-эне

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>