«Сезим» кризистик борборунун жетекчилиги алмашты

«Сезим» кризистик борборунун жетекчилиги алмашты

Мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Сезим» кризистик борборунун аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты ал Reporter.kg’ге ырастады.

Ал үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында шайланды.

Ал эми Бүбүсара Рыскулова “Сезим” борборунун ардактуу  президенти болуп калат жана  коомдук коргоочу катары гендерлик теңчилик, адилеттүүлүк, аялдар
менен жаш балдардын коопсуз жашоо чөйрөсүн бекемдөөгө багытталган иштерин улантат.

«Сезим» кризистик борбору үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>