Жогорку Кеңеште күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселеси көтөрүлдүОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугушту
Ошто көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 суткага камалды
14.05.2024 | 11:45
Ош шаарында 10-майдан 11-майга караган түнү көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 айга камалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош облустук сотунан билдиришти.
Шаардык сот кечээ анын ишин карап, Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси боюнча (Үй-бүлөлүк зомбулук) күнөөлүү деп таап, сот залынан камакка алды.
Бул окуя боюнча видео интернетте тарагандан кийин милиция зомбулук жасаган жаранды тапкан. Аялы күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартып, анын сабалганы боюнча видеону таркаткан жарандарга каршы чара көрүү талабы менен милицияга арыз жазды.
Белгилей кетсек,үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаран 40 саатка коомдук иштерге тартылат, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом