28-февралга карата аба ырайыИдеядан экранга чейин: Бишкекте «Үмүт» жаш кино форуму өтөтБишкекте «Росатомдун» экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйландыТашкент – Ош багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылатКыргызстандыктар декабрда канча насыя алышты жана эсептик чендин өсүшүнө карабастан, алар эмне үчүн арзандады?Бишкекте баңги лабораториясы табылып, 4 кгдан ашык баңгизат алынды
Чет элдиктер менен мушташ. ИИМде кызматтык иликтөө жүрүп жатат
24.05.2024 | 11:32
Ички иштер министрлигинде 13-май күнү Бишкектеги хостелдеги мушташуу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрдин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Милиция 13-майда жана 17-майда өткөн окуялар алдын-ала пландалганы боюнча маалыматты дагы текшерүүдө.
“Мушташтан кийин чара убагында көрүлгөн эмес. Анын жыйынтыгында 17-майда массалык башаламандыкты болтурбоо үчүн ИИМдин курамын бүт тартууга аргасыз болдук”, – дейт Нурбек Абдиев.
Белгилей кетсек, 13-майда 3 кыргызстандын чет элдикди тоноп, алар жашаган хостелде мушташ чыккан. Бул боюнча маалымат 17-майда тарап, кечинде жатакананын жанына миңдей жергиликтүү тургун топтолуп, Египеттин жарандарын жоопко тартууну талап кылышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом