Кыргызстанда 2026-жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү — аймактар боюнча маалыматБишкекте тез жардам унаасы менен Subaru кагылышты, жабыркаган адам барВьетнам Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады«Манас» аэропортунда расмий такси кызматтары гана иштей алатОшто унаа жолдорунун жээгине мыйзамсыз курулган 25 объект аныкталдыЕБге кирүү Түркия үчүн мындан ары артыкчылыктуу максат эмес — Эрдоган
Чет элдиктер менен мушташ. ИИМде кызматтык иликтөө жүрүп жатат
24.05.2024 | 11:32
Ички иштер министрлигинде 13-май күнү Бишкектеги хостелдеги мушташуу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрдин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Милиция 13-майда жана 17-майда өткөн окуялар алдын-ала пландалганы боюнча маалыматты дагы текшерүүдө.
“Мушташтан кийин чара убагында көрүлгөн эмес. Анын жыйынтыгында 17-майда массалык башаламандыкты болтурбоо үчүн ИИМдин курамын бүт тартууга аргасыз болдук”, – дейт Нурбек Абдиев.
Белгилей кетсек, 13-майда 3 кыргызстандын чет элдикди тоноп, алар жашаган хостелде мушташ чыккан. Бул боюнча маалымат 17-майда тарап, кечинде жатакананын жанына миңдей жергиликтүү тургун топтолуп, Египеттин жарандарын жоопко тартууну талап кылышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом