Аскат Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча иликтөө жүрүүдө

Аскат Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча иликтөө жүрүүдө

№1 тергөө абагында камакта отурган активист, акын Аскат Жетигендин УКМКнын Бишкектеги башкармалыгында кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча териштиртүү иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура акындын арызы боюнча Аскер прокуратурасы териштирүү жүргүзүп жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын жана анын жыйынтыгы азырынча чыга электигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 23-майда Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши боюнча отурум өтүп, анда акын көрсөтмө берген. «Азаттык» жазгандай, ал 20-мартта кармалгандан кийин УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын жертөлөсүндө бир саат бою ток менен кыйнашканын, башына желим баштык кийгизип сабашканын билдирген.

Акындын билдирүүсөнөн кийин Жазаларды аткаруу кызматы Аскат Жетиген №1 тергөө абагында камакта отургун мезгилде ага күч колдонуу жана кыйноо болбогонун кабарлаган. Ал боюнча Аскат Жетиген оозеки жана жазуу түрүндө түшүндүрмө берген. Ошондой эле камактагыларга жана №1 тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген.

Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген. Анын ичинде кумаркананы иштетүү, тууну өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон.

Жактоочу Венера Буудайбекова «Азаттыкка» билдиргендей, Аскат Жетигендин 15-марттагы жасаган видеокайрылуусу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анын негизинде акынга «массалык баш аламандыктарга чакырыктар» беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда анын иши Свердлов райондук сотунда каралууда.

«Ток менен бир саат бою кыйнады». Аскат Жетиген кыйноого кабылганын билдирди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>