Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Жол эреже бузгандарды көрсөңүз, 0777 102 102 номерине сүрөт-видеосун жөнөтсөңүз болот
27.05.2024 | 09:25
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жол эреже бузуулар боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн 0777 102 102 WhatsApp номерин ишке киргизди.
ЖКККББ билдиргендей, аталган номер күнү-түнү иштейт. Жарандар жол эреже бузууларды, ошондой эле жол тыгыны жаралган көчөлөрдү сүрөткө же видеого тартып 0777 102 102 номерине жөнөтө алат. Түшкөн кайрылуулар боюнча жол милициянын кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүп, сүрөт-видео жөнөткөн адамга жооп кайтарат.
Бул демилге эл менен милициянын мамилесин тыгыз кылууга, коомдук тартипти жакшыртуу үчүн жасалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом