Бүгүн ЖК комитети уран кенин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун карайт

Бүгүн ЖК комитети уран кенин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун карайт

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдөгү уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт.

Министрлер кабинети даярдаган мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылдагы уран менен торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу каралган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде 2020-2023-жылдардагы окуялардын (COVID-19, Россия менен Украинанын согушу, Россияга санкциялардын салышыны, инфляция) кесепетинен улам учурда Кыргызстандын бюджетине киреше алып келе турган тармактар керектиги, эгер уран жана торий кени иштетилип, сыртка сатылса, ал өлкө экономикасынын маанилүү бир бөлүгүнө айланары жазылган. Ошондой эле документте өлкөдөгү уран менен торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулары, ага мамлекет байкоо жүргүзөрү жана бул иштер кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери айтылган.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>