Сүлүктүдө Исхак Раззаковдун айкели орнотулду

Сүлүктүдө Исхак Раззаковдун айкели орнотулду

Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун айкели Баткендин Сүлүктү шаарынын борбордук аянтына орнотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айкел шаар тургундарынын каржылык колдоосу менен тургузулган. Ага жалпы 400 миң сом жумшалган. Анын 250 миң сомун шаардын 50 жаштагы тургундары, 150 миң сомун шаардын башка демөөрчүлөрү чогултуп берген. Ал эми айкелди жергиликтүү скульптор Сайпидин Кушматов жасаган.

Айкелдин ачылыш аземинде облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров Сайпидин Кушматовго облус башчысынын сыйлыгын тапшырып, бул демилгени колдоого алып, каржылык колдоо көрсөткөн шаардын тургундарына ыраазычылык билдирди.

«Иш-чарада сөз сүйлөгөн жетекчилер шаар тургундарынын бул аракетин, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүр таржымалын, эмгек жолун, инсандык асыл сапаттарын келечек муунга жеткирүүгө зор өбөлгө болоорун белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>