Тимур Файзиев кайра акча төлөп, камактан чыкканы кабарланды

30.05.2024 | 15:05

Elite House курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Файзиевдин бөгөт чарасы 29-майда Октябрь райондук сотунда каралып, тергөө тобунун өтүнүчү боюнча ал үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле анын бөгөт чарасы 4-июлга чейин узартылган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, алдын ала маалымат боюнча Файзиев мамлекеттин эсебине 3 млн доллар төлөп берген.

Ал былтыр октябрда “кылмыштуу кирешелерди адалдоо” беренеси боюнча шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Тимур Файзиевге кылмыш иши козголуп, кийин токтотулган. Анда “коррупцияга” шектелген ишкер мамлекеттин эсебине 2 млн доллар төлөгөнү кабарланган.

https://reporter.kg/elit-haus-kompaniyasynyn-zhetekchisi-timur-fajziev-kajra-karmaldy/

Scroll to Top