25-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 35-орунду ээледиОрусияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапты. Алардын бири 2 жашта болгонКыргызстан 5 гигаваттык күн жана шамал станцияларын курууну макулдаштыБайсалов: Окуу жайларда мамлекеттик тилге басым жасалат, бирок улуттук азчылыктарга эне тилин окутуу сакталат2026-жылы Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук «бирдиктүү терезе» ишке киргизилет
Быйыл 4 айда «Google’га салыктан» өлкө бюджетине 315 млн 157,2 миң сом түштү
03.06.2024 | 11:32
Быйыл 4 айда (январ-апрель) чет элдик компаниялар «Google’га салык» катары Кыргызстандын бюджетине 315 млн 157,2 миң сом төктү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
Ошол эле учурда былтыр 4 айда «Google’га салыктан» бюджетке 5,4 эсе аз акча же 58,6 млн сом гана түшкөн. Ал эми 2023-жылы 438,1 млн сом төлөнгөн.
«Google’га салык» Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок Кыргызстанда салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.