Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Бишкектин Манас проспектисинде асма жол куруу пландалууда (видео)
21.06.2024 | 11:17
Бишкекте асма жол салуу пландалууда. Бул тууралуу парламентте мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, асма жол Манас проспектисин бойлой Апсамат Масалиев көчөсүнөн Жибек Жобуна чейин салынып, узундугу 6 чакырымды түзөт. Ал курулуп бүткөндө асма жол аркылуу күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адам жүрө алат деп пландалууда.
Жунушалиев билдиргендей, асма жолду куруу үчүн дүйнөдө алдыңкы деп эсептелген швейцариялык компания менен келишим түзүлгөн.
Учурда демөөрчүлөр 300 миң доллар бөлүп, Ropway долбоордук тобу тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом