Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Касымбековдун, Сарногоевдин ысымы кайсы мекемеге ыйгарылары белгилүү болду
21.06.2024 | 11:07
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымы Бишкек шаардык борбордук китепканага ыйгарылат. Бул боюнча чечим Министрлер кабинетинин көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Эл артисти, ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканы сактоого кошкон салымы үчүн” атайын номинациясынын лауреаты, комузчу жана композитор Нурак Абдрахмановдун ысымы Бишкек шаарындагы № 5 балдар искусство мектебине берилет.
Ал эми Бишкек шаарындагы № 100 мектеби Эл акыны Байдылда Сарногоевдин атында аталат.
Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасына Борбор Азиядагы биринчи аял-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Какиш Рыскулованын ысымы ыйгарылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом