Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз, – президент
22.06.2024 | 16:29
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүк жоюдарын “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп.
«Мен бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашайт эле. Мамлекеттен жөлөкпул жардам берилип турган экен. Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар. Былтыр 10 миң үй-бүлөгө жүз миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп олтуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз», – деди Садыр Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар