Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаев көрсөтүлдү
26.06.2024 | 11:48
Улуттук банктын төрагалыгына жаратылыш ресурстары жана экология министри Мелис Тургунбаев көрсөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди.
Парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн түштөн кийин жыйын өткөрүп, сунушталган талапкерди карап чыгат.
Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын жетекчилигинен бошотту. Эл өкүлдөрү эртең бул сессиянын акыркы жыйынын өткөрүп, жайкы эс алууга кетишет.
Мелис Тургунбаев экономикалык илимдеринин доцентти. Ал 2023-жылдан бери Экология министрлигин жетектеп келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат