Бишкекте дем алыш күндөрү жана кечки убактарда жеке унаалар автобус тилкелеринде жүрө алышатДүкөндөрдө эми алакан менен төлөөгө болот: MBANK MPay Alakan технологиясын тааныштырдыКыргызстанда ишке орноштуруу агенттиктеринин кызматын акысыз кылуу сунушталууда«Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт»: Бекешев жазаны жеңилдетүү жөнүндө7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелет
Караколдо тургунду бир эле адамдар эки жолу тоноп кеткен. Шектүүлөр кармалды
26.06.2024 | 11:04
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тоноого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, июнь айынын ортосунда милицияга Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, быйыл 24-апрелде шаардагы сейил бакта Амаль жана Станислав аттуу чала тааныш эки жигит коркутуп, iPhone 13 телефонун тартып алган. Арадан эки ай өтүп-өтпөй ошол эле балдар аны коркутуп, бул ирет Redmi телефонун алып алган. Ага 75,5 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факттар боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 19 жаштагы А.А. жана Е.С. аттуу жарандарды кармады.
Соттун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганча эки айга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.