Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Чүйдө тергөөчү жаранды кылмыш жообуна тартам деп 50 миң сом талап кылган
18.07.2024 | 11:08
Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкери бир жаранды “уурулук” иши боюнча кылмыш жообуна тартам деп коркутуп, аны жабуу үчүн 50 миң сом пара талап кылган.
Бул факты боюнча 15-июлда “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
17-июлда Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Э.М. иш бөлмөсүндө 30 миң сом пара алгандан кийин кармалган.
Учурда тергөөчү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
ИИМ милициянын катарын паракор, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо иштери уланып жатканын билдирди.