Көз айнек» белгиси бар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жолу түшүндүрүлдү29-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүн
Чүйдө тергөөчү жаранды кылмыш жообуна тартам деп 50 миң сом талап кылган
18.07.2024 | 11:08
Чүйдүн Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкери бир жаранды “уурулук” иши боюнча кылмыш жообуна тартам деп коркутуп, аны жабуу үчүн 50 миң сом пара талап кылган.
Бул факты боюнча 15-июлда “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
17-июлда Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү Э.М. иш бөлмөсүндө 30 миң сом пара алгандан кийин кармалган.
Учурда тергөөчү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
ИИМ милициянын катарын паракор, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо иштери уланып жатканын билдирди.