Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Ташкентке барды. Аны аэропорттон Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхан Хошимова менен тосуп алды.
Сапарда президентти Айгүл Жапаровадан сырткары, 11 министр, 6 губернатор, 1 мэр, элчи жана дагы 7 жетекчи коштоп жүрөт. Кыргызстандын медиа өкүлдөрү бир нече күн мурда Ташкентке жөнөп кетишкен.
Бүл күндөр Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт.
Кыргыз делегациясынын курамы:
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Джаманбаев;
— Башкы прокурор Максат Асаналиев;
— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— юстиция министри Аяз Баетов;
— Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурлан Орунтаев;
— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
— Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов;
— Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
— Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев;
— Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов;
— Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев;
— Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев;
— Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев;
— Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков;
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.