Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маекАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин Ноокен районунун тургунуна пенсия чегерилди
УКМК: Кеминдеги 1,7 млрд сомдук кен мамлекетке кайтарылат
18.07.2024 | 13:45
Чүйдүн Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүндөгү 1 млрд 782 млн сомдук кенди мамлекетке кайтаруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган кен “Боорду” ЖЧКсы тарабынан алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн мыйзамсыз иштетилген. Бирок жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер жасалган эмес.
Карьердин аянты 186 гектарды түзөт. Ал эми бул кендин базар баасы 1 млрд 782 млн 656 миң сом деп эсептелген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом