Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Жарым жылда 70 миң 849 ымыркайга “балага сүйүнчү” берилди
23.07.2024 | 13:48
Быйыл жарым жылда 70 миң 849 ымыркайга “балага сүйүнчү” берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйүнчүнү төлөөгө 284 млн 499 миң сом жумшалган.
Белгилей кетсек, “балага сүйүнчү” ар бир ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Ал эми үч же андан көп бала төрөлгөндө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом