Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Садыр Жапаров Олимпиаданын ачылышына катышат
24.07.2024 | 16:20
Президент Садыр Жапаров 25-27-июлда Францияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаровду Францияга президент Эммануэл Макрон чакырган. Ал 25-июлда “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышат.
Ошондой эле 26-июлда Садыр Жапаров XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом