Касымалиев: Жыл жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 2,35 трлн сомго жететОоганстандан ташылып келген 22,5 тонна бадыраң өлкөгө киргизилген жокОш облусунда вируссуз көчөттөрдү өстүрүү үчүн in vitro лабораториясы курулатБишкектин Селекция айылында 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңдиОрусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыкты
Садыр Жапаров Олимпиаданын ачылышына катышат
24.07.2024 | 16:20
Президент Садыр Жапаров 25-27-июлда Францияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаровду Францияга президент Эммануэл Макрон чакырган. Ал 25-июлда “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышат.
Ошондой эле 26-июлда Садыр Жапаров XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом