Сузак округу боюнча ЖК депутатын шайлоо 22-сентябрга белгиленди

25.07.2024 | 09:12

Президент Садыр Жапаров №13 Сузак бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун күнүн белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, шайлоо 22-сентябрда өтөт.

Эскерте кетсек, Сузак району боюнча 2021-жылы депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов жакында эле, 19-июлда мандатын тапшырган. Бийликке сын айтып жүргөн депутат мандатын тапшырардан мурда 17-июлда УКМКда суракта болуп чыккан. Ал депутаттыктан кеткенинин себебин ачыктаган жок.

https://reporter.kg/dagy-bir-deputat-zhkdan-ketti-bul-iret-tazabek-ikramov-mandatyn-tapshyrdy/

Scroll to Top