Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык-кредиттик макулдашуу ратификацияландыСуусамыр – Талас – Тараз” автожолунун IV фазасын реконструкциялоо кызуу жүрүүдөЖалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу улануудаБишкек мэриясынын карамагында жаңы муниципалдык ишкана түзүлдүАйгүл Жапарова кыргызстандыктарды тоолорго бат-баттан барып турууга чакырдыКыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча макулдашуу ратификацияланды
Муфтият президент эки жыл мурда берген форманы жаңылайт
25.07.2024 | 15:15
Муфтият дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасын иштеп чыгууга сынак жарыялады.
Анда жайкы, күзгү жана кышкы формаларынын, сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин дизайнын электрондук форматта жасап чыгуу талап кылынат. Кийимдер кыргыз колоритине дал келиши керек. Андан тышкары, президент тарабынан тиктирилип берилген формага окшоштуруу дагы зарыл.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Садыр Жапаров муфтиятка 3,8 миң форма тиктирип берген. Анын бирин өзү 1-июнда расмий иш чарага кийип чыккан. Бирок анда Мусулмандар дин башкармалыгы дагы, президенттин басма сөз кызматы дагы маалыматты ырастаган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом