Чолпон-Атада ишкерден акча опузалоого шектелип төрт жигит кармалдыӨзбекстандын өкмөт башчысы ЕКӨК жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Атага келдиТөө-Моюнда медициналык жардам жакшыртылды: жаңы тез жардам унаасы жана санариптик флюорографМуратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыБишкектеги «Көк-Сай» курулуш базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү7-августка карата аба ырайынын божомолу
Муфтият президент эки жыл мурда берген форманы жаңылайт
25.07.2024 | 15:15
Муфтият дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасын иштеп чыгууга сынак жарыялады.
Анда жайкы, күзгү жана кышкы формаларынын, сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин дизайнын электрондук форматта жасап чыгуу талап кылынат. Кийимдер кыргыз колоритине дал келиши керек. Андан тышкары, президент тарабынан тиктирилип берилген формага окшоштуруу дагы зарыл.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Садыр Жапаров муфтиятка 3,8 миң форма тиктирип берген. Анын бирин өзү 1-июнда расмий иш чарага кийип чыккан. Бирок анда Мусулмандар дин башкармалыгы дагы, президенттин басма сөз кызматы дагы маалыматты ырастаган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом