2024-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу 55ке көп, 855 ымыркай чарчап калды. Алардын 189у эле май айында набыт болду.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган мезгилде 58 миң 249 бала төрөлгөн.
Алардын 70 пайызы (597 бала) төрөлгөнгө чейин жана андан кийинки биринчи айда пайда болгон оорлошудан (жылына 2 ,1 миңден ашык бала чарчап калса, анын 1,4дөн ашыгынын саламаттыгына периниталдык мезгилде жаралган көйгөйлөр себеп болот), 14 пайызы тубаса оорулардан(123 ымыркай), 10 пайызы дем алуу органдарынын илдеттеринен чарчап калды.
Тукум куучу оорулардан, деформация жана хромосомалык бузулуулардан каза болгондордун саны быйыл 70тен 129га көбөйдү. Ымыркайлардын 12си нерв илдетинен, 11 бала тышкы таасирден көз жумган.
Reporter.kg балдар өлүмүн себептери боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүм башчысы Сагын Абдувалиева менен сүйлөштү.
— Ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын 5 айына салыштырмалуу көбүрөөк катталыптыр…
— 2004-жылдан бери биз 22 апта, салмагы -500 грамм, бою 25 сантиметрге жетип төрөлгөндөрдү тирүү катары каттоого алабыз. Ага чейин салмагы 1 кг жетип, жарык дүйнөгө келгенден кийин 7 күн жашаса гана тирүү деп каттап, чарчап калса, каза болгондордун санына киргизчүбүз.
Бизде жылына 150 миң бала төрөлсө, анын 1 миңине көз жумган 15 ымыркай туура келет. Анын 60 пайызына периниталдык мезгилде саламаттыгына берген таасирлер себеп болот.
— Эмне үчүн ушу перинаталдык мезгилдеги таасирлерден улам чарчап калгандардын саны арбын?
— Бул бизде репродуктивдик жаш курактагы (18-40 жаш) аялдардын саламаттыгына байланыштуу болуп жатат. Ал Кыргызстандагы аялдардын ден соолугунун, социалдык абалынын, жашоо деңгээлинин индексин көрсөтөт. Кош бойлуулук – бул узак жана татаал процесс. Ал боюнча үй-бүлө курардан мурда ойлонуш керек.
Ооба азыр бизде балдар үй-бүлөдөн сырткары деле төрөлүп жатышат, бирок анткен күндө дагы балалуу болууну алдын ала ойлонуп, пландап, ден соолукту чыңдап, анан чечим кабыл алган туура.
— Кош бойлуулукту пландоо жаатында дагы көйгөй курчпу?
— Ооба, бул боюнча көп айтылганына карабай биздин келиндер ага кайдыгер карашат. Тилекке каршы контрацепция каражаттары, ыкмалары коомдун басымду бөлүгүнө дагы жеткиликтүү эмес же аны колдонуудан баш тартышат. Анүстүнө бойго бүтүүдөн сактанууну бизде аялдардын гана милдети катары эсептелет. Ата-энелик жана аны пландоо — эки адамдын тең жоопкерчилиги.
Эне жана баланы коргоо борборунун айына жетпей жана патология менен төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнө бир жылда 1000 — 1200 ымыркай келсе, анын жарымынан көбүнүн апасы бир жылда экинчи жолу төрөп жатат.
БУУнун калк фондунун маалыматында, Кыргызстанда 18 миң аял жылына эки жолу көз жарат.
Төрөттөн кийин 2 ай өтпөй кайра боюна бүтүп, бөбөктү эмизүүнү токтотот. Балага эне сүтү аркылуу берилүүчү май, углевод, эң башкысы мээнин интеллектуалдык өнүгүүсүнө өбөлгө болгон, таурин жана башка дагы көптөгөн азыктар келбей калат. Эненин организми кайра калыбына келбегендиктен түйүлдүккө эч нерсе бере албайт. Анан албетте ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балдар көп болот. Ымыркайлардын 5 пайызы же 150 миңдин 7,5 миңи 9 айга жетпей жарык дүйнөгө келет.
Кош бойлуулук ортосу кеминде 3-3,5 жыл болушу шарт. Бул жөндөн жөн айтылган нерсе эмес.
— Дагы бир себеп — дем алуу органдарынын илдеттери…
— Өпкө 35 аптада гана ачылат, ошондо дагы көп маселе жаралат. Жогоруда айткандай балдар ай-күнүнө жетпей төрөлүп, дем алуу органдары толук ишке кирбей калган учурлары кездешүүдө.
Андан кийинки орунда тубаса оорулар. Мурда миң баланын 14үндө тубаса илдеттери болсо, азыр 17-18 ымыркайда кездешет. Кош бойлуу аялдар биринчи үч айда скринингден, медика-генетикалык кароодон өтүүсү зарыл. Туура тамактануу, туура жашоо, эң жөнөкөй болгон фоел кислотасын ичсин.