Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Таласта 90 млн сомго сегиз аттракцион салынат
30.07.2024 | 16:50
Талас шаарындагы “Баатырлар” борбордук сейил багында сегиз жаңы аттракцион салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шаар мэри Эрмат Жумаевдин айтымында, аттракциондор Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына бөлүнүп жаткан 1 млрд 70 млн сомдун эсебинен салынат. Сегиз аттракционго 90 млн сом кетет деп пландалууда. Ал эми аларды кытайлык адистер кура турган болууда.
Учурда эки тарап меморандумга кол койгон. Андан кийин келишим түзүлөт. Макулдашууга кол коюлгандан кийин кытайлык компания аттракциондорду 4 айдын ичинде куруп берет.
Эрмат Жумаев “Баатырлар” сейил багынын мызамсыз берилип кеткен жерлерин кайтаруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом