11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Олимпиада: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты
30.07.2024 | 17:29
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарында брасс ыкмасы менен 200 метр аралыктагы жарышта жарым финалга чыкты.
Аталган дистанцияда 25 суучул таймашка түштү. Петрашов 2 мүнөт 10,99 секундда марага келди. Жыйынтыгында ал 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыккан суучулдардын катарына кирди. Белгилей кетсек, жарым финалга убакыт боюнча эрте келген 16 спортчу өтмөк.
Жарым финал 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00до болот. Финалга 8 мыкты спортчу өтөт.
Эскерте кетсек, Денис Петрашов Париждеги оюндардын алкагында экинчи ирет жарышка чыгууда. Ал 27-июлда 100 метр аралыктагы жарышка катышып, 23-орунду ээлеп калган.
Петрашов үчүнчү ирет Олимпиада оюндарына катышып жатат.