28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү
Ысык-Көлдө 10дан ашык пансионаттын иши токтотулду
30.07.2024 | 17:50
Ысык-Көл облусундагы экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионатка жазма буйрук берилип, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан 1 миң 127 санаторий, пансионат, эс алуу жайы текшерилип, анын 754ү тазалоочу курулма салууга милдеттендирилди.
“Ошондой эле Семеновка, Григорьевка, Жети-Өгүз, Түргөн капчыгайларында жайгашкан боз үйлөрдөн турган эс алуу жайларынын ажатканалары суу жээктеринен жылдырылып, калдыктарды ирээттүү чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн”, – деди ал.
Ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган пансионаттардын тизмеси төмөнкүдөй:
– “Дальний кардон” пансионаты;
– “Смена” пансионаты;
– “Белек” пансионаты;⠀
– “Золотые пески” пансионаты;⠀
– “Взморье Сити” пансионаты;⠀
– “Асыл-Таш” пансионаты;
– “Ой-Керемет” пансионаты;⠀
– “Золотой Трэбас” пансионаты;⠀
– “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору;
– “Кооператор” пансионаты;⠀
– “Чолпон-Ата” эс алуу үйү;
– “Чалжанов” конок күйү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом