Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Суучул Денис Петрашов Олимпиадада 14-орунду ээледи
31.07.2024 | 09:00
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарында 14-орунду ээледи.
Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыктагы жарышка катышып, 16 мыкты суучулдун катарында жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда ал марага 2 мүнөт 10,19 секундда келип, жыйынтыгында 14-орунга татыды. Бирок ал финалга өтө алган жок. Финалга убакыт боюнча марага эрте келген 8 спортчу чыкты.
Эскерте кетсек, Денис Петрашов Париждеги оюндардын алкагында экинчи ирет жарышка чыкты. Ал 27-июлда 100 метр аралыктагы жарышка катышып, 23-орунду ээлеген.
Петрашов үчүнчү ирет Олимпиада оюндарына катышты.
https://reporter.kg/olimpiada-suuchul-denis-petrashov-zharym-finalga-chykty/