Айпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыБишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулатБишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүргөн “принцтин” иши эми УКМК тергейт
30.07.2024 | 20:00
Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайган Ч.И. аттуу 19 жаштагы жигит 2 айга камалды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
Анын бөгөт чарасы 17-июлда каралып, 26-сентябрга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камакка алынды. Ч.И. аттуу жарандын ишин эми коопсуздук комитети тергейт.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга белгисиз жигит өспүрүмгө бутун кыйнап өптүртүп жатканы тартылган видео тараган. Видеодон өспүрүм бала санына бычак жегенин дагы көрүүгө болот.
Шектүү 25-июлда кармалып, ага “кыйноо” беренеси менен иш козголгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом