“Чикаго – КРнын сегизинчи облусу”. АКШнын авиакомпанияларына Бишкекке түз учуу сунушталды

31.07.2024 | 11:00

Америка Кошмо Штатынын авиакомпанияларына Бишкекке жүргүнчү ташуу сунушталды. Бул тууралуу маалымат жыйында “Манас – эл аралык аэропорту” ААКсынын президентти Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, түз аба каттамды Нью-Йорк же Чикаго шаары менен ачуу каралууда.

“Биз америкалык жүргүнчү ташуучуларга Бишкекке учууну сунуштап жатабыз. Анткени, биздин авиакомпаниялар кара тизмеде, узакка учуп жете да алышпайт”, – дейт Манасбек Самидинов.

Ал АКШ менен түз каттам өзүн актарына ишенет.

“Ооба бул дымактуу бирок реалдуу план. Анткени АКШга багыт бизде азыр абдан актуалдуу. Негизи “Чикаго – Кыргызстандын сегизинчи облусу” деп дагы тамашалап жатпайбызбы”, – дейт компаниянын жетекчиси.

https://reporter.kg/bishkekten-nyu-jork-zhe-chikagogo-tyz-aba-kattamdyn-achylyshy-syjloshyldy/

 

Scroll to Top