ЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылды
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты ишкерден акча талап кылышкан
01.08.2024 | 10:15
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар ишкердин курулуштарын муниципалдык менчикке сатып алуу боюнча сунушту депутаттардын кароосуна киргизүү үчүн 500 миң сом опузалаган.
УКМК депутат буга чейин дагы пара талап кылуу менен алектенген. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жасалма тоскоолдук жаратып, ошону менен коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирип жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом