1-сентябрга чейин транспортко, турак жайга, жер тилкесине салык төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга — 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндө туум кошулат.
Салык кызматы аны мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм терминалдары, ошондой эле банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрү аркылуу төлөп койсо дагы болорун белгилейт.