КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Айпери Медет кызы: Олимпиадада алтын тагынып, тарых жаратам деп үмүттөнөм (видео)
02.08.2024 | 09:00
Дүйнөлүк күрөш уюму Париждеги Олимпиада оюндарынын алдында Кыргызстандын белгилүү балбан кыздарынын бири Айпери Медет кызы тууралуу даярдаган видеосун жарыялады. Аталган видео быйыл апрелде Бишкекте өткөн Азия биринчилигинин алдында тартылган.
Айпери Медет кызы маегинде Токиодогу Олимпиадада байгелүү орунду ала албай калганын, бул ирет алтын медал алууну кыялданып жатканын айткан.
“Бул Олимпиадада алтын медаль тагынсак, Кыргызстан үчүн чоң ийгилик, тарых болот деп айта алам. Анткени азырынча Кыргызстанда Олимпиада оюндарында алтын байге жок. Кыргызстандын тарых жараткан, тарых жазган кыздарынын бири болом деп үмүттөнөм”, – дейт ал.