Олимпиада: Шаршенбековдун биринчи атаандашы белгилүү болду

04.08.2024 | 19:52

Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Бүгүн, 4-августта Парижде күрөш боюнча чүчүкулак ташталды. Анын жыйынтыгы менен Шаршенбековдун 1/8 финалдагы атаандашы казакстандык Айдос Султангали болду.

Беттеш 5-августта Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат.

Жоламан Шаршенбеков – дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл).

Ал эми анын атаандашы Айдос Султангали дүйнө чемпионатында эки жолу коло уткан, Азия чемпиону  болуп саналат.

https://reporter.kg/sharshenbekov-olimpiadadagy-bashky-ataandashtary-menen-zharym-finalda-zhana-finalda-kezigishi-mymkyn/

Scroll to Top