Нарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирдиЖогорку Кеңеш салыктык жеңилдиктердин топтомун кабыл алдыЭлдик курултайда 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды«Алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт»: Президент аялдарга карата зомбулук тууралуу үн каттыБыйыл 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттолду. «Кыргызкөмүр» жыл жыйынтыгын чыгардыКМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиадасынын тандоо этабы башталды
Париж-2024. Бүгүн Шаршенбеков менен Жуманазарова күрөшөт
05.08.2024 | 09:20
Бүгүн, 5-августта Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер башталат. Таймаштар 11-августка чейин созулат.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-римден 60, 130 кг салмактагы жана кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмактагы балбандардын беттештери өтөт.
Кыргызстандан 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 68 кг салмакта балбан кыз Мээрим Жуманазарова таймашка чыгат. 130 кг ченинде Кыргызстанда лицензия жок.
Шаршенбековдун алгачкы кармашында атаандашы казакстандык Айдос Султангали болот. Ал эми Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келет.
Беттештер саат 19:00до башталат.