Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын борбору Астанага жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын VI консультативдик жолугушуусуна жана “Борбор Азия+Япония” саммитине катышат.
Ошондой эле ал Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Расмий делегациянын курамы:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшөкеев;
— билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— юстиция министри Аяз Баетов;
— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
— Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;
— «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.