Сузакта окуучуларды тебелеп кеткен «Портердин» айдоочусу жоопко тартылган жок

13.08.2024 | 15:36

Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынакта Сузакта окуучуларды тебелеп кеткен «Портердин» айдоочусу Баатыр Атамкуловго каршы козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Жалал-Абад облустук сотунан ырастады.

Кырсыкка байланыштуу ишти Сузак райондук соту 24-июлда карап чыккан. Анда 11 баланын ата-энеси Баатыр Атамкулов менен жарашып, тосмо арыз жазып беришкендиктен, иш кыскартылган.

Айдоочу Кылмыш-жаза кодексининин 312-беренеси менен, этиятсыздыктан ден соолукка оор залака келтирүү, автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузууга айыпталган.

Белгилей кетсек, 2-майда болгон окуяда 29 бала жабыркап, 18и ооруканага түшкөн.

Бир нече милиция кызматкери тартип жазасына тартылып, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги иштен алынган.

Айдоочу иш-чарага демөөрчү катары балмуздак алып барып, унаасынан түшүп, телефон менен сүйлөшүп жаткан кезде “Портер” жүрүп кеткен.

https://reporter.kg/suzaktagy-kyrsyk-porterdin-ajdoochusu-3-min-balmuzdak-alyp-bargan/

 

Scroll to Top