Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнө турганын билдирди
13.08.2024 | 14:47
Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнө турганын билдирди.
Шаршенбеков бүгүн, 13-августта Париждеги Олимпиадага катышкан башка балбандар менен бирге Бишкекке кайтып келди. Борбор калаадагы эски аянтта спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өтүп, андан кийин Тарых музейинде маалымат жыйын уюштурулду.
Маалымат жыйында журналисттердин бири Шаршенбековдун ата-энеси ал жакында үйлөнө турганын билдиргенин айтып, спортчу быйыл үйлөнөбү деген суроо узатты.
Жоламан Шаршенбеков ата-энесинин сөзүн ырастап, “быйыл үйлөнөм” деп кыска жооп берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом