Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Кур тагынбай, баласын алдына олтургузуп унаа айдаган келинге чара көрүлөт
12.08.2024 | 16:44
Коопсуздук курун тагынбай, баласын тизесине олтургузуп, унаа айдаган Айгерим аттуу келин изделүүдө. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Ал жол эрежесин бузуу менен рул башкарган видеосун Instagram баракчасына жүктөп, катталуучуларына айдоочу күбөлүгү жоктугун айткан.
“МАИге кармалсам, дароо кайынагама чалам. Ошон үчүн Ошто тартынбай жүрөм. Азыр көбү машинаны таанып, тоспой калды. Болбосо 100 миңдей акча ошолорго кетмек”, – дейт Айгерим.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочуга тиешелүү чара көрүлөрүн жана анын кайынагасы ким экендиги дагы такталып жатканын кабарлады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом