Казакстанда ЖККУнун «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусу аяктадыКыргызстан түштүк кореялык компания менен киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койдуСадыр Жапаров АКШга жумушчу сапары менен барды19-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?
Кур тагынбай, баласын алдына олтургузуп унаа айдаган келинге чара көрүлөт
12.08.2024 | 16:44
Коопсуздук курун тагынбай, баласын тизесине олтургузуп, унаа айдаган Айгерим аттуу келин изделүүдө. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Ал жол эрежесин бузуу менен рул башкарган видеосун Instagram баракчасына жүктөп, катталуучуларына айдоочу күбөлүгү жоктугун айткан.
“МАИге кармалсам, дароо кайынагама чалам. Ошон үчүн Ошто тартынбай жүрөм. Азыр көбү машинаны таанып, тоспой калды. Болбосо 100 миңдей акча ошолорго кетмек”, – дейт Айгерим.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочуга тиешелүү чара көрүлөрүн жана анын кайынагасы ким экендиги дагы такталып жатканын кабарлады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом