Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча макулдашуу ратификацияландыӨзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов баштаган делегация Бишкекке келдиКыргызстан менен Түштүк Корея биргелешип электр заряддоо станцияларын өндүрөтЭкс депутаттар Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алууга шектелип кармалдыСоциалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү – Эмгек министрлигиКазакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Таласта 10 күндөн бери 14 жаштагы кыз табылбай жатат. Ата-энеси жардам сурайт
15.08.2024 | 15:14
Талас шаарынын 2010-жылы туулган тургуну Акылай Болотбекова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Өспүрүм 5-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн борбордук аянтка багыт алып, чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Кыздын туугандары жана милиция коомчулуктан издөө иштерине көмөктөшүүгө жардам сурайт.
Акылайдын өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, сары жүздүү, көзү күрөң түстө, чачынын түсү кара, дене түзүлүшү арык-чырай.
Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктан футболка, астында көк түстүү джинсы шым.
Байланыш номерлер: 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом