Кыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдады
Таласта 10 күндөн бери 14 жаштагы кыз табылбай жатат. Ата-энеси жардам сурайт
15.08.2024 | 15:14
Талас шаарынын 2010-жылы туулган тургуну Акылай Болотбекова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Өспүрүм 5-август күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн борбордук аянтка багыт алып, чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Кыздын туугандары жана милиция коомчулуктан издөө иштерине көмөктөшүүгө жардам сурайт.
Акылайдын өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, сары жүздүү, көзү күрөң түстө, чачынын түсү кара, дене түзүлүшү арык-чырай.
Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктан футболка, астында көк түстүү джинсы шым.
Байланыш номерлер: 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом