Кыргызстанда фермерлердин жеңилдетилген насыя алуусу үчүн электрондук кезек ишке киргизилдиЧыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөтЖК төрагасы тажик спортчуларын Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырдыӨкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекиттиМарлен Маматалиев Казакстан Мажилисинин төрагасына Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштадыКыргызстан менен Россия трансплантология жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт
Бишкекте милиция кызматкери жол кырсыгына кабылды
19.08.2024 | 10:19
18-август күнү Чүй – Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анын видеосу интернетке жарыяланды.
“01KG852APT” номурлуу “Мерседес 320” унаасын башкарып бара жаткан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери, жолду кесип өтүп жатып, Чүй менен келе жаткан “Кия-Соренто” автомобили менен кагылышкан.
Министрликтин Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, учурда Бишкек шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Милиционер Улуттук госпиталга жаткарылган. Ал эми “Кия-Сорентонун” айдоочусу жеңил жаракат алган.
Рубрики: Жаңылыктар