Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Эмомали Рахмон күйөө баласын БАЭдеги элчи кызматына дайындады
19.08.2024 | 09:00
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн күйөө баласы Ашраф Гуловду өлкөнүн Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) элчиси кызматына дайындады. Мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы 16-августта жарыяланды.
Гулов акыркы үч жылдан бери Тажикстандын Түркиядагы элчиси кызматында иштеп келген. Ал Рахмондун кыздарынын бири – Парвина Рахмондун күйөөсү.
“Озоди” радиосунун 2023-жылы чыккан журналисттик иликтөөсүнө ылайык, Ашраф Гулов өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, жубайынын “Сифат саноат” компаниясын өнүктүрүүгө жардам берип жүргөн. Ал ишкана медициналык жана аскердик формаларды тигүү менен алектенип, мамлекеттик тендерлерде утуп келет.
Ашраф Гулов Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Гул Шералинин уулу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом