Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Mbank Орусиядан акча которууну токтотту
20.08.2024 | 09:43
Mbank Орусиядан акча которууну токтотту. Бул тууралуу банктын расмий баракчасында кабарланды.
16-августтан тарта орус банктары, анын ичинде Сбербанк, Тинкофф жана МТС аркылуу акча которуулар эки тарапка тең токтотулду.
“Бул кызмат убактылуу, белгисиз мөөнөткө чейин жеткиликсиз”, – дейт Mbank.
Орусиядан акчаны санкция салынбаган банктар аркылуу которууга болот.
Белгилей кетсек, Орусиянын 94 банкы кара тизмеге киргизилген.
Андан тышкары, Mbankта 20-августка чейин түнкү саат 1ден 5ке чейин техникалык иштер жүрүп, ЭЛКАРТ, Visa, MasterCard төлөм системалары иштебейт, онлайн кызмат көрсөтүүлөр жана төлөм терминалдарында толуктоого, банкоматтардан накталай акча алууга болбойт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика